Бишкекте сумо чемпионаты өтүүдө (no comment) by Azattyk   2 год. назад

89,021 просмотров

106 Likes   32 Dislikes

Ссылка на видео. Код для вставки.

Бишкекте сумо боюнча алгачкы чемпионат өтүүдө. Таймаштар өспүрүм балдар, эркектер (чоңдор) жана аялдар арасында өткөрүлүп, чемпиондук наам үчүн 170ке жакын спортчу күч сынашууда. Чемпионаттын жүрүшүн Жапониядан келген сумо чеберлери жана сумо калыстары көзөмөлдөшүүдө. Катышуучулардын жаш курагы 9 жаштан жогору. Сумо күрөшү Кыргызстанда 1995-жылдан баштап тарала баштаган. Ал кезде Улуттук Олимпиада Комитетинин президенти болгон Эшим Кутманалиев эркин күрөш машыктыруучусу Эсенгул Чекиров менен биргеликте Кыргызстанда күрөштүн түрлөрү менен машыккан спортчуларга сумонун эрежелерин үйрөтүп, ошол жылы оор салмактагы балбандарды алгачкы жолу Жапонияда өткөн сумо боюнча дүйнө чемпиондугуна катыштырышкан. Кыргызстандын Сумо боюнча ассоциация Кыргызстанда бир жыл мурда түзүлгөн. Учурда саналуу гана спорттук клубдарда күрөштүн ар кандай түрлөрү боюнча машыккан балбандарга машыктыруучулар сумону үйрөтүп келишет.


загрузка...

Комментарии

Похожее видео

Новости