Таштандыны азайткысы келген замандаштар by Azattyk   4 мес. назад

5,850 просмотров

81 Likes   6 Dislikes

Ссылка на видео. Код для вставки.

Желимдин көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн майда бөлүкчөлөрүн азыр океандын түбүнөн тарта, Антрактидадагы айсбергдерден, адам ичкен суудан, жеген тамак-ашынан тапса болот. Желим киши буту баса элек жерлерге чейин жетип, учурда экологиялык чоң көйгөйгө айланып баратканы талашсыз. Мындан улам дүйнөдө таштандысыз жашоого өткөндөрдүн саны арбып баратат. Zero Waste же таштандысыз жашоо - бул ичкен тамактан, колдонгон турмуш-тиричиликте чыккан таштандыны азайтуу же тап-такыр токтотуу, калдык чыгарбай, жашыл жаратылышка зыян келтирбей, аны көздүн карегиндей сактоо дегенди билдирет. “Биз жана Дүйнө” берүүсүнүн бул чыгарылышында таштандысыз жашоо деген эмне? Ага кантип өтүү керек? деген суроолорго жооп издедик.

Originally published at -


загрузка...

Комментарии

Похожее видео

Новости